|
Келишим түзүлүүчү жердин мыйзамы
|
|
КЕЛИШИМ ТҮЗҮЛҮҮЧҮ ЖЕРДИН МЫЙЗАМЫ (lex loci contractus ) – буюм жайгашкан жердин мыйзамы менен бирге коллизиялык укуктун калыптануу тарыхындагы адепки байламталардын бири болуп саналат жана келишим түзүлгөн мамлекеттин укугун пайдаланууну түшүндүрөт. Соода-сатык, жалдама, бартер ж. б. келишимдерден келип чыгуучу милдеттенмелерди теске салуу үчүн колдонулат. Келишимдерди кат алышуу жолу (почта, телеграф, факс ж. б.) менен түзүү тажырыйбасы кеңейип, тигил же бул мамлекеттин аймагы менен айкын, физикалык байланыш болбой калгандыктан, бул формула өтө сейрек пайдаланылып бара жатат. Келишимди түзүү жери аркыл мамлекеттердин укугунда ар башкача түшүндүрмөлөнгөн иш жүзүндөгү категориядан юридикалык категорияга айланууда.
|